Дүйшөмбүдө жаан-чачындуу аба ырайы сакталат

Жазылуу
Өлкөнүн тоолуу аймактарында ала-булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү жаан-чачындуу аба ырайы сакталып, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте абанын температурасы күндүз 16 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми өлкөнүн тоолуу аймактарында ала-булут каптап, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0