БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 9-апрелде түштөн кийин бир жарым саатка созулган катуу шамал болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Агы ылайык саат 15:15те башталган шамал 16:45тер чамасында аяктаган. Анын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жеткен.
Шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иликтөө иштерин жүргүзүп, кыйроолор жана жабыркагандар катталбагандыгын аныктаган.