БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алгачкы беттештеринде испандык "Барса" менен Германиянын "Бавария" клубдары жеңишке жетти.
Камп Ноу стадионунда "Барса" мадриддик "Атлетикону" кабыл алып, 2:1 эсебинде утуп алды. Биринчи болуп 25-мүнөттө "Атлетиконун" чабуулчусу Фернандо Торрес эсепти ачса, "Барса" бул голго эки ирет жооп кайтарды. Луис Суарез аталган эки голду өз эсебине жазды.
Кийинки беттеш Германияда жайгашкан "Альянц Арена" стадионунда болуп, анда "Бавария" португалиялык "Бенфиканы" 1:0 эсебинде утту. Беттеш жаңы башталып, экинчи мүнөттө Артуро Видаль гол жарата алды.
Бүгүн кечинде Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан дагы эки жуп кезигет. Анда Германиянын "Вольсфсбург" командасы испандык "Реал" кулубун кабыл алса, Франциянын "ПСЖ" клубу Англиянын "Манчестер Сити" командасы менен беттешет.