БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Эртең, 5-апрель күнү Япония өкмөтү Кыргызстанга медициналык жабдуу тапшыра турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, гранттык программанын негизинде Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборуна УЗИ, Амплипульс, универсалдык УЗИ, лазердик терапия, клиникалык тоналдык аудиометр аппараттары, Валента электрокардиографы берилет. Жардамдын жалпы суммасы 68 миң 447 долларды түзмөкчү.
Гранттык макулдашууга былтыркы жылдын 29-апрелинде кол коюлган.
Медициналык жабдуу тапшыруу салтанатына саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, аталган борбордун жетекчиси Сагындык Айтбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюка КОИКЭ, Япониянын парламенттик тышкы иштер министринин орун басары Мика Ямаданын катышуусу күтүлүүдө.