Бишкекте "Ден соолукту сактоо жумалыгы" өтөт

Жазылуу
Медициналык форум эл аралык беш көргөзмөнүн башын бириктирет.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаада дүйшөмбү күнү "Кыргызстанда ден соолукту сактоо жумалыгы — 2016" деп аталган медициналык эл аралык форум башталат.

Медакадемиянын студенттери эл аралык олимпиадага барат
Уюштуруучулардын айтымында, анда мамлекеттик аппараттын өкүлдөрү менен эксперттер маңдайлаша отуруп көйгөйлүү маселелер боюнча сүйлөшөт. Андан сырткары окутуулар менен семинарлар уюштурулат. 

Ага жергиликтүү аткаминерлерден, Жогорку Кеңештин депутаттарынан сырткары Россия, Германия, Индия, Беларусия, Казакстан, Украина жана Польшанын Кыргызстандагы элчилери катышмакчы.

Форумдун алкагында эл аралык беш көргөзмө өтөт. Алар: адистештирилген "Медицина —MedExpo 2016", "Сергек жашоо образы — Healthy life Style 2016", "Аптека — 2016", "Медициналык туризм— Bimte 2016" жана "Стоматология — Dental Expo Kyrgyzstan 2016". 

Форум Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0