БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы тажикстандык атаандаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.
Командалар 2018-жылы өтчү Дүйнөлүк футбол чемпионатынын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө.
Оюн Душанбе шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп жатат.
Виталий Люкс биринчи таймдын 18-мүнөтүндө эсепти ачты.
Кыргызстандык оюнчулар кызыл форма кийишсе, тажикстандыктар ак форма менен ойношууда. Оюнга өзбекстандык калыстар көз салып жатат.
Кыргызстандын курама командасы "В" тайпасында ишенимдүү түрдө үчүнчү орунду ээледи. Азыркы оюн бул жыйынтыкка эч кандай таасир бербейт. КР курамасы дүйнөлүк чемпионаттын кийинки раунддарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бирок, 2019-жылы Азия чемпионатынын квалификациялык раунддарына чыгууна шансы бар.