БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектин бир нече көчөлөрүндө 30-31-март күндөрү газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Жаратылыш газы Термечиков, Садырбаев, Лев Толстой, Түндүк-Ипподром көчөлөрүнүн чектешкен бөлүгүндө өчүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" жарандарга түзүлгөн ыңгайсыздык газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгиледи.