БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Эки-Таш аймагынан Тажикстанга 61 кап (1460 килограмм) курутту Hyundai Porter автоунаасына жүктөп алып, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 28-мартта болгон. Мыйзамсыз ташылып бараткан товардын болжолдуу баасы 200 миң сомду түзөт.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган товар Бажы кызматынын аймактык кызматкерлерине өткөрүп берилген.