БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 27-мартта өтө турчу жергиликтүү шайлоолорго ата мекендик 400дөн ашык байкоочу көз салат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 27-мартта Кыргызстандагы 22 айыл аймакта жана алты шаарда жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат. Ага 265 миңдей шайлоочу катышат. Жети пайыздык босогону ашкан партиялар гана шаардык кеңешке өтөт.
Маалыматка ылайык, шайлоо күнү 428 убактылуу жана 19 туруктуу байкоочу көз салат.
Буга чейин жергиликтүү шайлоо 2012-жылы болгон.