БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Быйыл ажылыкка кыргызстандык зыяратчыларды Flynas компаниясы ташый турганын КР муфтиятынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Сауд Аравиясынын компаниясы конкурстун жыйынтыгында тандалып алынган.
"26-январдан 26-февралга чейин жарыяланган конкурска бир гана Flynas компаниясы катышып, ал конкурстун жеңүүчүсү деп табылды", — деп муфтияттан кошумчалашты.
Белгилей кетсек, аталган компания былтыр да зыяратчыларды ташыган.
Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 3685 орун бөлүп берген. 2015-жылкы ажылык учурунда да ушундай квота бөлүнгөн эле.