УКМК: чыр-чатактуу аймактардан Кыргызстанга кайткан согушкерлердин агымы көбөйүшү мүмкүн
УКМК: чыр-чатактуу аймактардан Кыргызстанга кайткан согушкерлердин агымы көбөйүшү мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
КРдеги күч түзүмдөрү диний экстремизмдин, терроризмдин жана террордук актылардын алдын алуу боюнча иштер менен машыгууларды улантууда. 15.03.2016, Sputnik Кыргызстан
КРдеги күч түзүмдөрү диний экстремизмдин, терроризмдин жана террордук актылардын алдын алуу боюнча иштер менен машыгууларды улантууда.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Сирияда терроризмге каршы Россиянын космостук аскердик аба күчтөрүнүн масштабдуу операцияларынан кийин мекенине кайта турган согушкер кыргызстандыктардын агымы күтүлүп жатат. Бул туурасында Ош шаарында өткөн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин көчмө жыйынында УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын өкүлү Канат Карабаев билдирди.
Иш-чарада диний экстремизм, терроризмдин жана адам сатуунун алдын алуу боюнча "Коопсуз маала" деп аталган долбоор туурасында маалымат беришти.
"Учурда Сирияда Россиянын космостук аскердик күчтөрүнүн масштабдуу операциялары жүрүп жаткандыктан, согушкерлердин Кыргызстанга, мекенине кайтып келиши күтүлүүдө. Муну менен катар эле Афганистандын түштүгүндөгү террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүн болжолдоп жатабыз",— деп билдирди Карабаев.
Аталган ведомство бул багытта "Ош-Антитеррор-2015" деп аталган машыгууларды өткөрүп, террордук актылардын алдын алуу боюнча бир нече иштер жасалган. Мындай иш-чаралар быйыл да улантылууда.
Бүгүнкү иш-чарада диний экстремизм, терроризмдин жана адам сатуунун алдын алуу боюнча "Коопсуз маала" деп аталган долбоор туурасында маалымат беришти.
Кыргызстанда, өзгөчө, өлкөнүн түштүк аймагында чет элдик террордук уюмдардан тажрыйба топтоп келип, өлкөдө террактыларды пландаган бир нече согушкерлер кармалган фактылар бар.