БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы "KG" номерлеринин калганын жок кылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин аппаратына, жогорку сотко жана акыйкатчыга таандык номерлер кесилип жок болду.
Эскерте кетсек, декабрдын башында Кыргызстанда автоунаа номерлеринин жаңы үлгүсү ишке киргизилип, андан "KG" сериясы алына турганы айтылган.
Ал эми 18-декабрда "KG" сериясындагы номерлердин 143 комплектиси жок кылынган. Анын 120сы Жогорку Кеңешке, 23ү өкмөт мүчөлөрүнө таандык болчу.
Машиналарга берилүүчү жаңы номерлердин үлгүлөрү менен Sputnik инфографикасынан таанышууга болот>>
Унаалардын жаңы мамлекеттик номерлери
Унаалардын жаңы мамлекеттик номерлери