Чехиянын депутаттар палатасынын төрагасы келип, Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белгисин илүү. Архив
Жол белгисин илүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага шейшемби күнү кечинде келип, анын расмий сапары эки күнгө созулат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Шейшемби жана шаршемби күндөрү Бишкекте маал-маалы менен айрым көчөлөр жабыла турганын Жол кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү кечинде Кыргызстанга Чехиянын депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек расмий сапары менен келип, ал 17-мартка чейин созулат.

Жол кыймылына чектөө төмөнкү көчөлөрдө киргизилет:

  • Жибек Жолу көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки Махатма Ганди көчөсү;
  • Манас проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Чүй проспектисиндеги Раззаков, Абдымомунов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрү.

17-март күнү саат 09.00дөн баштап 12.00гө чейин жол кыймылына Манас, Чүй проспектилери, Совет, Жибек Жолу, Ганди көчөлөрүндө улам чектөө киргизилип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0