00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев ар бир окуучуга бирден планшет убада кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектнги мектептин окуучулары. Архив
Бишкектнги мектептин окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы өзүнө төрт артыкчылыктуу багытты камтыган "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке ашыруу боюнча пландарды айтып берди. Ал эми окуучулар үчүн гаджет сатып алынуучу акча бюджетке киргизилген.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Билим берүүнүн электрондук түрүнө өтүү менен ар бир окуучу планшет менен камсыздалып, убактысынын 60 пайызын үнөмдөй ала турганын премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Сариева: элеттик окуучулар интернетке туташат, компьютер сабагы 5-класстан тарта киргизилет
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке киргизип жатканын айтып, анын алкагында аймактардагы мектептер Интернетке кошула турганын маалымдаган.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, премьер-министр КТРКнын "Биринчи радиосунун" түз эфиринде болуп, элдин суроосуна жооп берди.

Сариев заман талабы күн санап өзгөрүп, мындан улам Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты курч маселеге айланганын белгиледи. Анын айтымында, аталган долбоор негизги "е-Окуучу", "е-Китеп", "е-Мугалим" жана "е-Мектеп" багыттарына негизделген.

"Өкмөт "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке ашыруу үчүн аракет көрүп жатат. Мында ар бир мектеп сунушталган методикалык материалдарды өз ылайыгына карап колдоно алат", — деди Сариев.

Премьер-министр аталган программа Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында ЖОЖ жетекчилеринин жыйынында сунушталганын белгиледи.

Изилдөөлөргө ылайык, окуучу убактысынын 12 пайызын материалды окууга, 30 пайызын материал издөөгө жана ошончо эле убакытты барактоого жумшаса, калган убактысы маалыматты көчүрүүгө кетет.

"Электрондук билим берүүгө өтүүдө ар бир окуучу планшет менен камсыздалат, бул ага убактысынын 60 пайызын өнмдөөгө шарт түзөт. Бул үчүн бюджеттен акча каралган. Ошону менен бирге быйыл өлкөдөгү 1000 мектеп, кийинки жылы калганы Интернетке туташтырылат", — деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары, "Билим жана маданият" санарип телеканалы ачылып, ал жерден күн сайын республиканын мыкты мугалимдеринин ачык сабактары тартууланып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0