Статком облус тургундарынын канчага чейин жашаарын аныктап чыкты

Жазылуу
Нарын облусунун тургундары эң аз жашагандардын катарына кирди.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстандын жашоочуларынын жашоосунун узактыгы канчага чейин болорун аныктап чыкты. Sputnik Кыргызстан кайсыл облустун тургундары көп жашарына кызыгып, рейтинг түздү.

1. Бишкек. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, борбор калаадагылар 75 жаш куракка чейин өмүр сүрөт. Статистикалык орточо көрсөткүч эркектердики 70 жаш деп болсо, аялдардыкы андан 10 жашка узагыраак. 

2. Жалал-Абад жана Баткен облустары. Эгерде бул аймактарда турсаңыз, 73 жашка чейин өмүр сүрө аласыз. Бирок, Баткендик эркектер жалал-абаддыктарга караганда бир жылга узак жашайт экен. Аялдардын жашоо узактыгы өрүкзардын мекенинде 75, ал эми жогоруда санап өткөн аймакта 76 жашты түзөт экен. 

Улгайган аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда аял эркекке караганда орточо эсеп менен 8 жылга узак жашайт
3. Оштун орточо жашоочусу 71 жашты ашса, аялдар күйөөсүнөн алты жашка көп өмүр сүрөөрү айтылган.

4. Талас облусунун жашоочусу орточо эсеп менен 71 жыл өмүр сүрөт экен Эркектерге 64 жылдык жашоо буюрса, аялдардыкы жети жылга ашык деп берди Статком. 

5. Чүй аймагынын жашоочулары боюнча 70 жаш деген маалымат берилди. Аялдар эркектерге караганда тогуз жылга көп жашаары айтылды. 

6. Ысык-Көл дубанында орточо жашоо узактыгы 69, 5 жаш экен. Мында да кемпирлер абышкаларына караганда тогуз жашка көбүрөөк өмүр сүрөрү айтылган. 

7. Нарындын жашоочулары көлдүктөргө караганда бир айга аз өмүр сүрөт деп билдирди Улуттук Статистика комитети.

Жаңылыктар түрмөгү
0