БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Чак түштө өзүнөн 35 жаш кичүү кызды зордуктоого аракет кылган киши кармалды. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын 28 жаштагы жашоочусу түшкө жакын коңшусу аны зордуктоого аракет кылганына арызданып, милицияга кайрылган.
Шаардык милициянын жол кайгуул кызматынан атайын батальону көп өтпөй 63 жаштагы зордукчулду колго түшүргөн.
Маалымат кызматы учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.