БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектин Профсоюз көчөсүнөн Талды-Суу көчөсүнө чейинки Патрис Лумумба көчөсүнүн бөлүгү реконструкциядан өтө турганын шаардык мэрия билдирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган тилке бүгүнтөн, 28-февралдан баштап жол кыймылы үчүн жабылат.
Азырынча көчөнүн капиталдык курулушу канча убакытты алары белгисиз.