БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россиянын ТИМи Мамлекеттик думанын депутаттарынын Түркия менен болгон достук мамиле боюнча келишимди үзүү жөнүндө сунушту карайт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Буга чейин эки депутат Россиянын президенти Владимир Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровго 1921-жылы 16-мартта Түркия менен достук жана боордоштук жөнүндө келишимин жокко чыгаруу сунушу менен кайрылган.
"Россиянын Тышкы иштер министрлигине Мамлекеттик Думанын депутаттарынан аталган келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш түшкөн. Сунуш карала турганын айта алам. Булардын бардыгы белгилүү ыраатта жүрөт", — деди ал.
Орус-түрк мамилелери Су-24 учагы Сириянын аймагынан түрк учагы аркылуу атып түшүрүлгөндөн кийин солгундап кеткен.