БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Франциянын Клермон-Ферран шаарында өтүп жаткан кыска метраждуу тасмалардын 38-Эл аралык кинофестивалына кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейде" тасмасы катышууда. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-февралда башталган фестиваль 13-февралда аяктайт.
Дүйнөдөгү ири фестивалдардын бири болгон бул сынакта 90-жылдары Темир Бирназаровдун эки тасмасы лауреат болгон.
14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт.