БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Twitter социалдык тармагынын жетекчилиги терроризм менен күрөшүү кампаниясынын алкагында 125 миңден ашуун колдонуучунун баракчасы токтотулгандыгы тууралуу билдирүү таратты.
"2015-жылдын орто ченинен баштап террористтик коркунуч туудурган жана аны пропагандалаган 125 миңден ашуун колдонуучунун каттосун токтоттук", — дейт билдирүүдө.
Буга чейин АКШ бийлиги, күч органдары жана атайын кызматтын өкүлдөрү америкалык чоң интернет компаниялары менен жолугушуп, интернет тармагында терроризмге каршы туруштук берүү темасын талкуулашкан.