БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте доллардын куну кескин төмөндөп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча борбордогу акча алмаштыруучу жайлар америкалык валютаны 72,5 сомдон сатып алып, 73 сомдон сатууда.
Эки күндүн ичинде доллар 2,5 сомго арзандады.
Эскерте кетсек, эки ай бою доллардын баасы 76 сомдун чегинде кармалып турду, бирок акыркы күндөрү арзандап бара жатканы байкалууда.