00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
44 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
10:03
1 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын чыгарылыш. Жеңиш күнү
11:05
0 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:04
20 мин
К 81 годовщине Победы в Великой Отечественной войне
Трансляция Парада Победы на Красной Площади в Москве
13:00
0 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Праздничный эфир, посвященный 9 мая
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:00
4 мин
Экскурс. Взгляд в историю
Панфиловцы, эвакуация и тыл: как Советская Киргизия жила в первые годы Великой Отечественной
16:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиш мурасы жана жаштардын мекенчил тарбиясы
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Им разрешили совершить геноцид Советского народа и не собирались наказывать — вспоминаем жертв концлагерей ВОВ
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Мама Тоня: почему Петербург чтит память женщины из маленького кыргызского села
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Улуу Жеңиштин сырлары: тарых музейиндеги экспонаттар эмнени баяндайт
21:13
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сын айткан депутатка куудулдар жооп берди

© AFP / Vyacheslav OseledkoДворник убирает центральную площадь Ала-Тоо после апрельских событий. Архивное фото
Дворник убирает центральную площадь Ала-Тоо после апрельских событий. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель революциясында каза болгондорду сатирага салган куудулдарды жазага тартуу демилгесин көтөргөн эл өкүлүнө куудулдар жооп кайтарды.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Апрель революциясын шылдыңдап жаткан айрым куудулдарга чара көрүү тууралуу депутат Мээрбек Мискенбаевдин сөзү боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги куудулдардын пикирин билип көрдү.

Эске сала кетсек, Мискенбаев кечээ парламент жыйынында куудулдар өз тамашалары менен апрель революциясынын баатырларына сөз тийгизип жатканын айтып чыкты. Куудулдарды маскарапоз деп атаган эл өкүлү аларды жазага тартуу керек дейт.

Куудулдар эмне дейт?

КРдин Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов депутаттын айткан сынына кошулат. Куудулдун айтымында, кесиптештери чектен ашып жатышат. Абылов каза болгон кишиге жаман айтуу деген кыргызда эзели болбогонун, бул акчага азгырык экенин белгиледи.

"Менин досторум атың чыкпаса жер өрттө болушту. Саясатчы болбогон соң, пикетчинин номеринин сахнада кереги жок. Негизи эле профессионалдык деңгээл мындай болбойт. Кээ бир саясатчылардын үгүттөөсүнө кирип жатышат, бул сокур кишиге да көрүнүп турбайбы. Каза болгондор алкаш, норкаман экендиги жөнүндө далили барбы? Артист деген элди бөлбөй, тескерисинче, үлгү болуш керек. Эмне каза болгон балдардын үнү жок бекен? Тең салмактуу болуш керек да", — деди Абылов.

Куудул бул тамашаларды угуп ачуусу келип жатканын, керек болсо булар менен достуктан баш тартууга даяр экенин кошумчалады.

"Жоролор" тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимов да кесиптештеринин бул кадамын сынга алды.

"Агаларыбызга сын айтуудан алыспыз. Бирок апрель баатырларын сатиралаштырган туура эмес болуп калды. Саясатты айтууга каршы эмеспиз, бирок "кагазга ороп" айтса жакшы болмок", — деди Абдраимов.

Ал эми куудул Талант Анарбаевдин пикири боюнча сахналаштарынын айтканы туура, куудулдар айтпаса эл башка жактан жарылышы мүмкүн.

"Куудулдар күлкү менен жеткизсе, эл өзү айткандай болуп жеңилдеп калат. Депутаттар кайра сүйүнсүн, эл айтса катуу айтат. Чындыкты сатирага салат да. Депутаттар андан көрө өз иши менен алектенсин", — деди Анарбаев.

Белгилүү куудул Борончу Кудайбергеновдун айтымында, депутат эл тагдырын чечкендин ордуна өзүн элге таанытуу үчүн куудулдарга асылып жатат.

"Менин Рустам деген жакын досум апрель окуясында каза болгон. Абдан мыкты жигит эле. Революциянын катышуучуларын жүрөгүбүз менен сыйлайбыз. Баатыр экенинде шек жок. Бирок бир карын майды, бир кумалак чиритет болуп, жалган баатырлар көбөйүп кеткенин эл айтып жүрбөйбү, досторум балким ошолорду айткысы келгендир", — деди Кудайбергенов.

Айта кетсек, куудулдарды сынга алган Мискенбаев сатира кимдин калемине таандык экенин айтуудан баш тартты. Бирок анын маалыматы боюнча, учурда бул иш боюнча Маданият жана Ички иштер министрликтери өз иликтөөлөрүн жүргүзүүдө. Аталган сатира видеого тартылып, тийиштүү органдарга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0