00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Из старых бутылок - брусчатка, из отходов - электричество: директор Бишкекского полигона о мусоре как ресурсе
18:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:00
5 мин
Кеменгер
Кыргыз тилинин кору. Диалектилер. Мамлекеттик тилдин сапатын жогорулатууда кандай кадамдар керек?
19:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Меняющие мир
Режиссёрская лаборатория в Бишкеке и большой разговор о русском театре за пределами России
20:06
53 мин
Ачык кеп
Шырдак, мода жана кол өнөрчүлүлөр. Бишкекте “Оймо-2026” фестивалы башталды
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Офицердин ур-токмогуна кабылган жоокер 15 күндөн кийин кызматына кайтат

Жазылуу
Жоокердин айтымында, офицер аны өтүгү менен башка-көзгө тепкилеген. Дене-бою көгөрүп, баш жана ич жагында шишиктер бар экени аныкталган. Учурда жоокердин абалы жакшы экени белгиленип жатат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Офицердин ур-токмогуна кабылган жоокер госпиталдан чыкканын Республикалык жоокер энелеринин комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 21-январына караган түнү жоокер Мамарасул Абытбек уулу УКМКнын №64479 аскер бөлүгүнүн офицери тарабынан эс-учунан тангыча сабалган. 19 жаштагы жоокерди офицер өтүгү менен башка-көзгө тепкилегени айтылып, ал аскердик госпиталга жаткырылган.

"Мамарасул Абытбек уулунун абалы учурда жакшы. Ал үйүнө чыгып кетти. Менин билишимче, жоокер 15 күндөн кийин кызматына кайтат", — деди Байгубатова.

Дарылоо учурунда анын дене-бою көгала болуп, баш жана ич жагында шишиктер бар экени аныкталып, дарыгерлер анын баш мээсинин чайкалганын айтышкан. 

Ал эми жоокерди сабоого шектелген капитан Нурлан Аралбаевга карата сот аны бир айга камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Учурда офицер Бишкек гарнизонунун гаупвахтасында кармалып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0