Футбол боюнча "Ынтымак кубогу" башталып, Кыргызстан Белорусия менен ойнойт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутболчу топ менен. Архив
Футболчу топ менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан "А" тайпасында Казакстан, Молдова жана Белорусия менен күч сынашат. Беттештер 17-24-январда өтөт.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү Санкт-Петербургда футбол боюнча эл аралык "Ынтымак кубогу" башталат.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингиндеги рекордун жаңылады
18-декабрда Москва шаарында чучукулак кармоо өткөн. Сегиз команда эки топко бөлүнгөн. "А" тайпасына Кыргызстан, Казакстан, Молдова жана Белорусия кирсе, "В" тобунда Латвия, Эстония, Россия жана Тажикстан ойнойт. Беттеш 17-24-январда Санкт-Петербург шаарында өтөт.

17-январда Кыргызстандын командасы Белорусия менен ойнойт. Буга чейин командалар Москва шаарында болуп, машыгууларын өткөргөн. Ал жактан "Сатурн" командасы менен эки оюн болуп, экөө тең Кыргызстандын курама командасынын пайдасына (2:4 жана 0:2) аяктаган.

Кийинки беттештерди Кыргызстан 19-январда Молдова менен, 21-январда Казакстан менен ойнойт.

23-январда мелдештин финалдык оюндар өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0