Берлиндеги "Жашыл жума 2016" айыл чарба көргөзмөсүнө Кыргызстан катышып жатат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПотсдам аянты, Берлин. Архив
Потсдам аянты, Берлин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык көргөзмөгө 60 өлкөдөн келген делегация жана 70 мамлекеттен 1700 компания катышууда.

БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-январынан тарта Берлиндеги эл аралык "Жашыл жума 2016" айыл чарба көргөзмөсүнө Кыргызстандан барган делегация катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Тракторлордун жанындагы айыл тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйлүк фермердин техникасын 1 млн. сомго сатып, акчаны кымырып кеткен шылуун кармалды
Эл аралык көргөзмөгө 60 өлкөдөн келген делегация жана 70 мамлекеттеги 1700 компания катышууда. Иш чара 25-январга чейин созулат. 

Көргөзмөнүн ачылышына Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баштаган расмий делегация катышкан. 

Иш чаранын алкагында Кыргызстандан барган делегация Айыл чарба министрлеринин саммитине, форум жана талкууларга катышуусу каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0