БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин (парламентинин) төрагасы Абдаллах бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейхтин чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 17-21-январында Сауд Аравия Королдугуна расмий сапар менен барат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Төрага Жээнбеков расмий сапардын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги жана бир катар эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушууларды өткөрөөрү маалыматта белгиленет.