БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Стамбулдагы адам өмүрүн алган окуяга байланыштуу көңүл айтты. Бул турасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстандыктар үчүн бул окуя күтүүсүз болду. Эл трагедияны кайгыруу менен кабыл алып, боордош түрк калкынын кайгысын терең бөлүшөт. Ошону менен бирге жеткен зөөкүр жана кыянат бул террорчулукту чечкиндүү айыптап, террорчулук аракеттер жол берилгис жана эч бир актоого жатпастыгын билдирет",— деп жазылган көңүл айтууда.
Президент каза болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтып, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилерин билдирген.