Эстеликке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Машина таптакыр жараксыз абалга келген.
"Айдоочу Ахмедов көчөсү менен келе жатып айкелди сүзүп салган. Эстеликтин бетону талкаланган. Наркологиялык экспертиза айдоочунун мас абалда экенин аныктады, айдоочу келе жатып уктап кеткен болушу керек", — деди ал.
Эстеликке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Машина таптакыр жараксыз абалга келген.
"Учурда унаанын техникалык абалы текшерилип жатат. Айдоочу Бишкектен келе жатканы белгилүү болду", — деп кошумчалады Сыдыков.
"Барсбек каган" монументалдык комплекси Ош шаарынын күнүнө карата 2011-жылдын 5-октябрында ачылган. Ал Кулатов кичи районунун айлампа жолунда жайгашкан.