Кар жаады. Жааса эмне экен биз баары бир банан тууралуу жазууну чечтик. Банандан сыра жасаса болорун уктуңуз беле? Мындай ичимдикти Африкада жасашат. Андыктан банандан жасалган сыра көрүп калсаңыз таң калуунун кажети жок.
Банан менен жасалган балмуздакты барыбыз эле жесек керек, бирок чипсы жегенсизби? Банандан ун, балдардын тамагын жана кофе да даярдашат экен.
Бул экзотикалык жемиш курсакты бат тойгузат жана ден соолукка абдан пайдалуу.
Банан Бишкектин базарында 100 сомдон сатылууда. Кыш келгенгеби, айтор жумуртка кымбаттап жатат. Ошондой эле помидор дагы кымбаттаган. Азык-түлүктүн бааларын инфографикадан караңыз.