БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директорлоугуна дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ ал кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна Талайбек Сарыбашев дайындалган.
Жээнбековдун жаңы кызматы боюнча буйругуна президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул орун Аалы Карашевдин биринчи вице-премьерликке кетишинен кийин бош калган.