Элвира Сариева: ар бир бешинчи мектепте акча мыйзамсыз чогултулат

Жазылуу
Чогултулган акча кантип сарпталып жатканы боюнча ата-энелерге эч кандай маалымат берилбей турганын Элвира Сариева белгилейт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир бешинчи мектепте акча мыйзамсыз чогултуларын, ал каражаттар кандай максатта колдонулуп жатканы боюнча мектеп жетекчилиги ата-энелерге эч кандай маалымат бербей турганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Дорогие родители, СПАСИБО, что откликнулись на наш вопрос по денежным сборам в школах, ваши просьбы об анонимности сох…

Posted by Elvira Sarieva on 8 декабря 2015 г.

Белгилей кетсек, Сариева буга чейин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мектептерде акча чогултуу фактылары тууралуу билдирүүнү суранган.

Ал соцтармактан алынган маалыматтардын негизинде анализ чыгарылганын кошумчалайт. 

Министрдин айтымында, ата-энелер бейөкмөт уюм катары катталган мекемелерге да акча которору аныкталган.

"Билим берүү министрлиги бейөкмөт уюмдардын каражатын текшергенге укугу жок", — дейт Сариева.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Министр Сариева акча чогулткан мектептерге чара колдонот
Министрдин маалыматы боюнча эң көп арыздар шаардагы мектептерден келип түшөт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн билим берүү министрлиги ар бир мектепте Камкордук кеңеш түзүүнү белгилейт. Алар өз алдынча жана демөөрчүлөр тарабынан которулган каражатты көзөмөлдөй алат. Кеңештин мүчөлөрү акча чогултуу боюнча министрликтин буйругу бар экенин эскертиши керек.

Элвира Сариева 2016-жылдын бюджетине мамлекеттик мектептерди 100 пайыз камсыз кылуу боюнча сурам жөнөтөрүн билдирет. Өлкөдөгү мектептер 86 пайызга гана каржыланарын айткан министр шаардык мектептердин каржылынышы мындан да төмөн экенин белгилейт.

Билим берүү министрлиги жакын арада бардык мектептер боюнча ачык база түзүлүп ишке кирерин билдирет. Ал жакта мамлекет тарабынан канча каражат бөлүнгөнү тууралуу бардык маалыматтар жайгаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0