Эртең Кыргызстанда кар жаабайт

Жазылуу
Кыргызгидромет республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн экенин эскертет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эртең, 7-декабрь күнү Кыргызстанда ала булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Түнкүсүн абанын температурасы —1…-3 градус суук, күндүз 5…7 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 0…2 градус, ал эми күндүз 10…12 градуска чейин жылуу болору белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0