БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналып тартылуучу тасманын сценарийине сынак жарыяланганын "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун өкүлү манасчы Талантаалы Бакчиев билдирди.
Анын айтымында, сынактын мөөнөтү алгач 25-декабрь деп белгиленсе, учурда аны дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынды.
Тасма тартууга аталган фонддун жетекчиси Самат Ибраев жеке каражатынан 100 миллион сом бөлүп, ал эми режиссерлугуна Эрнст Абдыжапаров тандалган.
Бакчиев учурда сынактын байге фондусуна жети миң доллар бөлүнүп, биринчи орунга үч миң, экинчи орунга эки миң жана эки үчүнчү орунга миң доллардан байге каралганын кошумчалады.
