БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кечээтен баштап Кыргызстан — Бангладеш оюнуна билеттер сатыа баштаганын Футбол федерациясы билдирди.
2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун кезектеги беттешүүсү 13-октябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Кассалар дем алыш жана дүйшөмбү күндөрү саат 11.00дөн 20.00гө чейин иштейт. Биринчи күндөн баштап кассалар 9.00дөн 20.00гө чейин ачык болот. Ал эми оюн боло турган күнү билеттер стадиондун айланасында сатылат.
Билеттердин так саны азырынча белгисиз. Тажикстан менен болгон беттешүүгө 15 миң билет сатылган.