00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:08
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев: "Кыргызстан — тоолордун өлкөсү" деген бренд менен дүйнөгө таанылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Эл аралык Shape Eurasia 2015 форумунда.
Премьер-министр Темир Сариев Эл аралык Shape Eurasia 2015 форумунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада туризмдин өнүгүшү үчүн көп аракеттер жасалып жатканын белгилеген өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөн оюндарын мисалга келтирип, эмдиги жылы Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи ирет өтө турган оюндарга форумдун катышуучуларын чакырды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргыздар байыркы көчмөндүн тукуму болгондуктан көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүгүн мыкты түшүнөт деди премьер-министр Темир Сариев Эл аралык Shape Eurasia 2015 форумунда.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Болочок экономисттер Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүн талкуулайт
Маалыматка ылайык, туризмге арналып "Go Nomad!" (Алга, көчмөн!) урааны алдында Бишкекте өтүп жаткан иш-чарага 22 мамлекеттен келген жаштар катышууда. 

Өкмөт башчы ааламдашуу мезгилинде каада-салт, үрп-адат жана жашоо баалуулуктарынын тарыхый мааниси жогорулап жатканын, мындан улам акыркы убакта Кыргызстандын кайталангыс табиятын күбө болуп, тарых жана маданияттын эстеликтерин көрүүгө келген адамдардын агымы көп болуп жатканын белгиледи.

"Туризм Кыргызстандын негизги багыттарынын бири. Бул көчмөндөрдүн насилине жакын тармак. Биздин өлкө бул жагынан мактана турган объектилерге бай. Алсак, "Каракол" тоо-лыжа базасы дүйнөлүк рейтинг боюнча КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты жайлардын бири болуп аталса, The Telegraph гезитинин пикиринде Кыргызстан сөзсүз көрүү керек делген дүйнөнүн 12 өлкөнүн катарына кирген", — деди премьер-министр.

Республикада туризмдин өнүгүшү үчүн көп аракеттер жасалып жатканын белгилеген өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөн оюндарын мисалга келтирип, эмдиги жылы Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи ирет өтө турган оюндарга форумдун катышуучуларын чакырды.

"Өкмөт уникалдуу маданий жана тарыхый эстеликтерди сактоого, дүйнө коомчулугуна тааныштырууга өзгөчө көңүл буруп келет. Мамлекетти "Кыргызстан — тоолордун өлкөсү" деген бренд менен алдыга жылдырууга кызыкдарбыз. Сиздерге окшогон жаштар жаңы технологиялардын жардамы менен бул асыл максаттын ишке ашышына өз салымын кошот деп ишенем", — деди Сариев.

Форум өз ишин 11-12-күндөрү Ысык-Көлдө улантат.

Global Shapers — Дүйнөлүк экономикалык форумдун демилгеси менен түзүлгөн жаш профессионалдардын эң ири бирикмеси. Уюм жаштарга билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу долбоорлорду түзүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0