Бул жайдагы кары-картаңдардын көпчүлүгүнүн балдары бар. Алар майрамдарда келип, ата-энесин куттуктап кетишет. Карылардын кээсине бул жер абдан жагат, себеп дегенде сүйлөшүп чер жазыша турган курбулары бар.
Карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, бул жерде жашоочуларга үйдөгүдөй шарт түзүүгө аракеттер жасалат.
"Карылар үйү абдан начар жер деген түшүнүк болушун каалабайм. Алардын маанайын көтөрүү үчүн майрамдарды уюштуруп турабыз. Мисалы, былтыр мода көргөзмөсүн өткөргөнбүз", — дейт.

Учурда карылар үйүндө эки жүздөн ашык киши бар

Кээ бири бул жерде 10-15 жылдан бери жашап келет

Аларды майрамдарда балдары келип куттуктап кетишет

Бирок, алардын арасында жалгыз калгандары да бар

Бул жактан алар өздөрүнүн жакшы көргөн тамактарын да жасап жей алышат

Алар үчүн бир, эки, үч орундуу бөлмөлөр бар

Айрамдары бул жакка "жаштарга жолтоо болбойлу" деп өздөрү келишет

Ар бир бөлмөдө бирден телевизор бар. Көпчүлүгү бош отурбай кол өнөрчүлүк менен алектенишет

Арасында жумушка баргандары да бар

Үйдүн жашоочуларына төрт маал тамак берилет

Төшөктө жатып калгандарга дайыма кол кабыш кылынат

Алар күнгө кактанып, көпкө чейин сыртта отурганды жактырышат

Жашоочулардын орточо жаш курагы 75 жашты түзөт.