https://sputnik.kg/20261113/1104882493.html
Кыргызстандагы радиациялык фон: аймактардагы көрсөткүчтөр жана мониторинг

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда радиациялык гамма-фондун орточо көрсөткүчү саатына 0,20 микрозивертти түзөт. Айрым аймактарда бул көрсөткүч салыштырмалуу жогору катталган. Бул... 13.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-13T15:04+0600
2026-11-13T15:04+0600
2026-11-13T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104882323_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e1d9280a9bb7966f1f4f2aa714c8cc41.jpg
Кыргызстандагы радиациялык фон: аймактардагы көрсөткүчтөр жана мониторинг
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда радиациялык гамма-фондун орточо көрсөткүчү саатына 0,20 микрозивертти түзөт. Айрым аймактарда бул көрсөткүч салыштырмалуу жогору катталган. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Кыргызгидрометтин радиоактивдүү булганууну байкоо бөлүмүнүн башчысы Зарылбубу Азимжанова билдирди.Радиациялык гамма-фондун эң жогорку көрсөткүчтөрү Чолпон-Ата шаарында 0,33, Кара-Балтада 0,32, Сары-Таш жана Кызыл-Суу аймактарында 0,27 микрозиверт/саат болгон. Ал эми Каракол жана Гүлчө шаарларында 0,10 микрозиверт/саат катталган. Өлкө боюнча радиациялык фонго 23 байкоо пунктунда мониторинг жүргүзүлөт.“Радиациялык фон бул бизди курчап турган айлана-чөйрөдөгү нурлануунун деңгээли. Радиациялык фондун көрсөткүчтөрү аймактын геологиялык түзүлүшүнө, табигый шарттарына жана башка факторлорго жараша айырмаланышы мүмкүн. Тоолуу аймактарда түздүктөргө караганда радиациялык фон жогору болот. Аны үзгүлтүксүз өлчөө жана алынган маалыматтарды талдоо айлана-чөйрөнүн радиациялык абалын баалоого мүмкүндүк берет.Өлчөө иштери атайын пункттарда күн сайын саат 9:00дө дозиметрлердин жардамы менен жерден белгилүү бир бийиктикте үч жолу жүргүзүлөт. Андан соң алынган көрсөткүчтөрдүн орточо мааниси атайын телеграмма коду аркылуу бизге жөнөтүлөт. Биз ал көрсөткүчтөрдү талдап, тиешелүү органдарга жөнөтөбүз”,- деди Азимжанова.Адис радиациялык фон боюнча бир жолку көрсөткүчкө гана таянбастан, анын өзгөрүү динамикасына да байкоо жүргүзүлөрүн. Эгерде адам өмүрүнө коркунуч жарата турган абал катталса, бул тууралуу атайын кызматтар аркылуу маалымдоо иштери жүргүзүлөрүң. белгиледи.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104882323_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b1d808eb81ecd46294c8fa7601eec777.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстандагы радиациялык фон: аймактардагы көрсөткүчтөр жана мониторинг
15:04 13.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 13.11.2026) Коноктор
Зарылбубу Азимжанова, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын Айлана чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын радиоактивдүү булганууну байкоо бөлүмүнүн башчысы