00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Личный интерес
Вы можете не знать, что у вас диабет. Эндокринилог о симптомах, которые нельзя игнорировать
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ГИТИСте билим алган кыргызстандык: театрга продюсер эмне үчүн керек?
09:05
36 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Президенттикке талапкер 200 млн. сомго чейинки шайлоо фондун түзүшү керек
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Если разобраться...
Кредиты, детсады, врачи и жильё: почему людям всё ещё трудно решать базовые проблемы
12:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Соцфонд: ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 204 жараны Кыргызстандан пенсия алууда
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
14 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өлкөгө ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып республиканын аймагында кубаттандыруучу суусундуктарды импорттоого, өндүрүүгө, дүң жана чекене соода түйүндөрүндө, анын ичинде онлайн аркылуу сатууга жана ичүүгө тыюу салынат. Документте кадимки чай, кофе жана башка алкоголсуз суусундуктар бул чектөөгө кирбей турганы белгиленген. Ошондой эле өлкө аймагы аркылуу транзиттик ташууга уруксат берилет. Мыйзам долбоорунун авторлору бул чара калктын, биринчи кезекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоого, ошондой эле энергетикалык суусундуктарды ичүүдөн келип чыккан ооруларды алдын алууга багытталганын түшүндүрүштү. Эгер эреже бузулса, күнөөлүү тараптар Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик тартып, мыйзамсыз табылган киреше мамлекеттик бюджетке чегерилет.
Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Өмүралиев 2022–2026-жылдары Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп иштеген. Ага чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. Түрк инвестициялык фонду — түрк дүйнөсүнүн экономикалык интеграциясын тереңдетүү жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-инвестициялык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн эл аралык каржы уюму. Курамына Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Фонд аймактагы чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылап, транспорт, логистика жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Кыргызстандык режиссёр Каныбек Калматов Москвада өткөн Евразиянын "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгынын "Мыкты режиссёр" номинациясында жеңүүчү аталды. Ал бул сыйлыкка Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө арналган биографиялык драмасы үчүн татыды. Жеңүүчүгө баасы 250 миң доллар турган бриллиант жана бриллианттар менен кооздолгон статуэтка тапшырылды. Ал эми сынактын башкы сыйлыгы — 10 караттык, баасы 1 миллион доллар болгон бриллиант быйыл россиялык "Август" тасмасына берилди. Сыйлык тапшыруу аземинин алдында Калматов Чыңгыз Айтматовду Кыргызстандын улуттук байлыгы деп атап, тасма аркылуу жазуучунун балалык чагынан тартып улуу жетишкендиктерине чейинки өмүр жолун көрсөтүүнү көздөгөнүн билдирген. "Бриллиант көпөлөк" кинопремиясы Евразия киноакадемиясынын негизги иш-чарасы болуп саналат. Аны россиялык режиссёр Никита Михалков негиздеген. Быйыл башкы сыйлыктар үчүн 19 өлкөдөн 41 тасма ат салышты.
АКШ президентинин атайын өкүлү Жаред Кушнер Украинадагы согушту токтотуу боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы кийинки аптада өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Кушнер бул тууралуу Стив Уиткофф менен бирге РФ президенти Владимир Путин менен Кремлде жолуккандан кийин "Вести" телеканалындагы маегинде айтты. Ал белгилегендей, жолугушууда бардык негизги маселелер кеңири талкууланган. Бул сүйлөшүүлөр кийинки аптада өтө турган көп тараптуу жолугушууга жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен алдыдагы сүйлөшүүгө таасир этет. Белгилей кетсек, Путин АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен бейшемби күнү Кремлде жолуккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0