00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
On air
18:11
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Машыктыруучу Абдукаимов: мундиалга чыгууга бардык аракетти көрөбүз
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда жаратылыш газынын жаңы кени ачылды. Бул тууралуу "Кыргызнефтегаз" компаниясы билдирди. Майлуу-Суу аймагында табылган кендин запасы суткасына 40 миң кубометрден ашык газ өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул Кочкор-Ата шаарын жана анын тегерегиндеги айылдарды көгүлтүр от менен толук камсыздоого шарт түзөт. "Кыргызнефтегаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев белгилегендей, ишканада акыркы 10–15 жыл аралыгында мындай жогорку өндүрүмдүүлүктөгү газ булагы катталган эмес.
Президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотту. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. 55 жаштагы Кадыркулов Украинадагы элчи болуп 2022-жылдын 25-январында дайындалган. Буга чейин Москва районунун тургуну президентке даттанып, Кадыркуловдун үй-бүлөсүн колхоздун мүлкүн басып алууга жана 3 500 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыптаган. Бул дооматтарга жооп берген Идрис Кадыркулов үй-бүлөсү колхоздун бир да имаратын же техникасын менчиктештирбегенин айткан. Дипломат бул айыптоолорду үй-бүлөсүн каралоо аракети деп атап, акыркы алты жылда Башкы прокуратура, Салык кызматы, УКМК жана башка мамлекеттик органдар ондон ашык текшерүү жүргүзгөнүн билдирген.
ЖККУ чөлкөмдөгү башка уюмдар менен тыгыз кызматташуусу керек. Бул туурасында мамлекеттик жана саясий ишмер, атайын кызматтын ардагери Токон Мамытов айтты. Ал ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ уюмдарынын кызыкчылыктары дал келерин жана көп жагынан бир багытта иш алып барышарын эске салды. "ЖККУнун жыйындарына КМШнын башкы катчысы, ШКУ менен ЕАЭБдин өкүлдөрү катышат. Ошол сыяктуу эле ШКУнун иш-чараларына КМШ жана ЖККУнун өкүлдөрү катышат. Бул биринчи кезекте катчылыктарга жана аткаруу органдарына тиешелүү. Учурда өз ара алака механизми жөнгө салынган", — деди мамлекеттик жана саясий ишмер Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде. Мамытовдун айтымында, аскердик машыгуулар күч түзүмдөрүнүн биргелешип иштөөсүн жана ыкчамдыгын жакшыртуу үчүн өткөрүлөт. Ошондой эле алар кризистик кырдаалдарда коопсуздукту канчалык натыйжалуу камсыздай аларын текшерүүгө мүмкүндүк берет. Президент Садыр Жапаров да жакында Москвада өткөн жыйында жамааттык күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана өз ара шайкеш иш алып барышын жогорулатуу үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан 2027-жылы ЖККУнун биргелешкен иш-чараларын өткөрүүгө даяр экендигин ырастаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп тыңчылык чууга байланыштуу кызматтан кеткен Nvidia компаниясынын мурдагы жетекчиси Женсен Хуанг отставкага кетер алдында телефон чалып, өз орду үчүн күрөшүшү керектигин айткан. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Графикалык процессорлорду иштеп чыгып жаткан, ЖИ үчүн чиптердин 80-90 пайызына көзөмөл кылган Nvidia компаниясы негиздөөчүсү Женсен Хуангдын жетекчилик кызматтан кеткенин бейшемби күнү жарыялаган. Бул чечим Кытай өкмөтүнө маалымат берген деп шектелген Элис Хуанг менен болгон жакын мамилесинин (көңүлдөштүк) айланасындагы чуулгандан кийин кабыл алынган эле. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Nvidia ишине байланыштуу "кытай тыңчылыгы" тууралуу дооматтарды негизсиз деп атады. Маалыматка караганда, Nvidia компаниясынын айрым кызматкери дагы Хуангдын отставкасын колдогон эмес. Компаниянын кызматкерлери "жетекчибизди кайтаргыла" деп жазып, ага экинчи мүмкүнчүлүк берүүнү суранып жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0