https://sputnik.kg/20261114/1104895244.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 2021-2026-жылдардагы... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T13:00+0600
2026-11-14T13:00+0600
2026-11-14T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104895078_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f266f78378e898a6cd21e6f1875d7758.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Мамлекет башчысына Жети-Өгүз районунун экономикалык өнүгүүсүндөгү оң динамика тууралуу маалымат берилди. Алсак, “Кумтөр” ишканасын кошкондо өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча мындан аркы өсүш күтүлүүдө, ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү 21,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Муну менен катар райондо калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жолдор оңдолуп, асфальтталууда, 81 көпүрө курулган. 13 айылда жалпы суммасы 981 млн сомду түзгөн ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылган. Ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылып жатат. Алардын катарында Ара-Бел каналын, Кызыл-Суу айылындагы тазалоочу курулмаларды, чакан гидроэлектр станцияларын куруу, ошондой эле туристтик объектилерди өнүктүрүү бар. Келечектүү долбоорлордун катарында заманбап туристтик жана коомдук инфраструктураны түзүү каралган “Сүттүү-Булак” тоо лыжа базасы жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү долбоору бар.Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштеринен тышкары, райондо республикалык бюджеттин эсебинен 60 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Аткарылган иштердин жалпы наркы 516 млн сомду түздү.
Кыргызстан Анталья шаарында өтүп жаткан Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун COP31 конференциясында климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү боюнча улуттук тажрыйбасын тааныштырды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын павильонунда министрлик тарабынан уюштурулуп, анда климаттын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана медициналык мекемелердин даярдыгын күчөтүү маселелери талкууланды. Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор түзөрүн белгилеп, климаттын өзгөрүшү өлкө үчүн экологиялык гана эмес, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы да олуттуу чакырык экенин айтты. Иш-чарада аптаптуу ысыктын, катуу сууктун жана экстремалдык аба ырайынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, ошондой эле тоолуу аймактардагы жамааттарды климаттык тобокелдиктерден коргоо жолдору сунушталды. Кыргызстандын COP31ге катышуусу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук тажрыйбаны жайылтууга багытталган.
Жаңы Орлеанда танкер менен круиздик лайнер кагылышып, кеминде 32 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.Мамлекет башчысы жээк күзөтүнө, укук коргоо органдарына, алгачкылардан болуп жардам көрсөткөндөргө жана Луизиана штатынын губернатору Жефф Лэндриге ыраазылыгын билдирген. Жаңы Орлеандын мэри Хелена Моренонун айтымында, жабыркаган 32 адамдын эч кимиси оор жаракат алган жок. Окуядан улам дайынсыз жоголгондор да болгон эмес. Мэрдин айтымында, Atlantic Asphalt танкери башкаруусун жоготуп, American Heritage круиздик лайнерин сүзгөн. Жүргүнчүлөр кемеден түшүп жатканда лайнер чөгө баштап, кийин капталына оодарылып, көмкөрүлүп калган. CNN телеканалынын маалыматына ылайык, лайнердин бортунда 130дан ашуун адам болгон.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Мамлекет башчысына Жети-Өгүз районунун экономикалык өнүгүүсүндөгү оң динамика тууралуу маалымат берилди. Алсак, “Кумтөр” ишканасын кошкондо өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча мындан аркы өсүш күтүлүүдө, ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү 21,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Муну менен катар райондо калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жолдор оңдолуп, асфальтталууда, 81 көпүрө курулган. 13 айылда жалпы суммасы 981 млн сомду түзгөн ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылган. Ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылып жатат. Алардын катарында Ара-Бел каналын, Кызыл-Суу айылындагы тазалоочу курулмаларды, чакан гидроэлектр станцияларын куруу, ошондой эле туристтик объектилерди өнүктүрүү бар. Келечектүү долбоорлордун катарында заманбап туристтик жана коомдук инфраструктураны түзүү каралган “Сүттүү-Булак” тоо лыжа базасы жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү долбоору бар.Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштеринен тышкары, райондо республикалык бюджеттин эсебинен 60 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Аткарылган иштердин жалпы наркы 516 млн сомду түздү. Кыргызстан Анталья шаарында өтүп жаткан Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун COP31 конференциясында климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү боюнча улуттук тажрыйбасын тааныштырды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын павильонунда министрлик тарабынан уюштурулуп, анда климаттын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана медициналык мекемелердин даярдыгын күчөтүү маселелери талкууланды. Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор түзөрүн белгилеп, климаттын өзгөрүшү өлкө үчүн экологиялык гана эмес, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы да олуттуу чакырык экенин айтты. Иш-чарада аптаптуу ысыктын, катуу сууктун жана экстремалдык аба ырайынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири, ошондой эле тоолуу аймактардагы жамааттарды климаттык тобокелдиктерден коргоо жолдору сунушталды. Кыргызстандын COP31ге катышуусу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук тажрыйбаны жайылтууга багытталган. Жаңы Орлеанда танкер менен круиздик лайнер кагылышып, кеминде 32 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.Мамлекет башчысы жээк күзөтүнө, укук коргоо органдарына, алгачкылардан болуп жардам көрсөткөндөргө жана Луизиана штатынын губернатору Жефф Лэндриге ыраазылыгын билдирген. Жаңы Орлеандын мэри Хелена Моренонун айтымында, жабыркаган 32 адамдын эч кимиси оор жаракат алган жок. Окуядан улам дайынсыз жоголгондор да болгон эмес. Мэрдин айтымында, Atlantic Asphalt танкери башкаруусун жоготуп, American Heritage круиздик лайнерин сүзгөн. Жүргүнчүлөр кемеден түшүп жатканда лайнер чөгө баштап, кийин капталына оодарылып, көмкөрүлүп калган. CNN телеканалынын маалыматына ылайык, лайнердин бортунда 130дан ашуун адам болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104895078_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2cf62ddfd3447b9871bb0ba31022b1b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио