00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
По следам истории
Как уйгуры и дунгане добивались автономии: история национальной политики в СССР
20:06
31 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы радиациялык фон: аймактардагы көрсөткүчтөр жана мониторинг
21:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотту. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. 55 жаштагы Кадыркулов Украинадагы элчи болуп 2022-жылдын 25-январында дайындалган. Буга чейин Москва районунун тургуну президентке даттанып, Кадыркуловдун үй-бүлөсүн колхоздун мүлкүн басып алууга жана 3 500 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыптаган. Бул дооматтарга жооп берген Идрис Кадыркулов үй-бүлөсү колхоздун бир да имаратын же техникасын менчиктештирбегенин айткан. Дипломат бул айыптоолорду үй-бүлөсүн каралоо аракети деп атап, акыркы алты жылда Башкы прокуратура, Салык кызматы, УКМК жана башка мамлекеттик органдар ондон ашык текшерүү жүргүзгөнүн билдирген.
Бишкекте унаа кыймылын жасалма интеллектинин жардамы менен башкаруучу жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Жаңы система Жеңиш проспекти менен Калинин көчөсүнүн кесилишине коюлду. Ал унаа агымына жараша жол чырактын иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алары айтылды. "Мисалы, солго бурулчу унаалар көбөйсө, система кошумча тилкени да солго багыттайт. Өзгөрүү тууралуу айдоочуларга кесилиштеги LED-экрандар маалымат берет", — деп айтылат билдирүүдө. Система азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Ал камералар аркылуу унаа агымы боюнча маалымат чогултуп, кайсы багытта жана кайсы убакта автоунаалар көп топтолорун талдап жатат.
Бишкекте курьер ташып бара жаткан 16 даана iPhone 18 Pro Max телефону бар куту жолго түшүп калып, аны белгисиз адам алып кеткен. Маалыматка караганда, курьер буюртмаларды жеткирип бара жатып, фургонунун арткы эшиги ачылып кеткенин байкаган эмес. Натыйжада ичинде кымбат баалуу телефондор салынган куту жолго түшүп калган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя Эркиндик бульвары менен Чүй проспектинин кесилишинде болгон. Кутуну кара түстөгү кроссовердин айдоочусу алып кеткен. Учурда окуя боюнча милиция териштирүү жүргүзүп жатат. Курьердик кызматтын жетекчиси кымбат жүктү кайтарып берүүнү өтүнүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы союздаштарынын өтүнүчү менен Вашингтон Иран менен болгон жаңжалда кескин кадамдарды жасабай жатканын билдирди. Алып баруучу Стивен Смитке берген маегинде америкалык лидер тирешти дароо токтотууга кудурети жетерин, бирок аймактагы өлкөлөр шашпай турууну суранышканын айтты. Анын айтымында, Сауд Арабиясы, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Бахрейн күтө туруу позициясын карманууну жакташууда. АКШ президенти алардын ыкмасын толук колдобосо да союздаштарынын пикирин эске алганын белгиледи. Буга чейин Трамп АКШга Иранда эч нерсени талкалоонун зарылдыгы жок экенин билдирип, бирок кийинчерээк Вашингтон Тегеран менен эч кандай келишимге муктаж эмес экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0