00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Карлсон для взрослых: почему с возрастом мы начинаем сочувствовать фрекен Бок
18:06
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

“Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин биринчи этабы ушул жылы декабрдын башында ишке кирет

“Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин биринчи этабы ушул жылы декабрдын башында ишке кирет
Жазылуу
Коноктор
Бакытбек Нарбеков, “Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү, финансы директору
Кыргызстанда тоо туризмин өнүктүрүүгө багытталган “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин биринчи этабын 2026-жылдын декабрь айынын башында ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында “Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү, финансы директору Бакытбек Нарбеков билдирди.
Долбоордун биринчи этабында алты асма жолду жана жалпы узундугу 47 чакырымды түзгөн лыжа трассаларын даярдоо каралган. Ал эми толук ишке ашырылганда үч аймактагы лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымга жетери күтүлүүдө. Долбоор Ысык-Көл облусунун Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын бириктирип, өлкөдө кышкы жана жайкы туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.
“Ала-Тоо Резорт” тоо кластери мамлекеттик деңгээлдеги долбоор. Ал 3 миң 916 гектар жерди камтып, Ысык-Көл облусунун үч аймагында ишке ашырылат. Жалпы наркы 1 миллиард 200 миллион еврону түзгөн долбоор үч этапка бөлүнгөнү жана масштабы менен башка лыжа базаларынан, курорттордон айырмаланат. Учурда долбоордун биринчи этабын үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында ишке киргизүү пландалууда. Долбоордун курулушу менен кошумча 6-7 миң жаңы жумуш орду түзүлөт. Мындан тышкары, “Ала-Тоо Резорттун” аймагында 50 объект куруу каралган. Алардын 39у аукцион аркылуу инвесторлорго берилген. Анын ичинен 38 объект кыргызстандык жарандарга, бирөө чет элдик инвесторго берилди. Бул кадам долбоор жергиликтүү калкка жана өлкөнүн жарандарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн көрсөтөт.
Мындан тышкары, долбоор үчүн каралган жердин 5,4 миң гектардан ашыгы Каркыра аймагына туура келгендиктен, жаратылышты коргоо жана тазалыкты сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Атайын бөлүнгөн кызматкерлер ар бир жарым саат сайын аймакты көзөмөлдөп, таштандыларды тазалап турушат. Биздин максат эс алуучулар менен туристтер ак кардын үстүндөгү же топтолуп калган таштандыларды көрбөшү керек. Экология маселеси бизде биринчи орунда”,- деди Нарбеков.
“Ала-Тоо Резорт” Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды тартууга жана Ысык-Көл облусунда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган ири долбоор. Анын натыйжасы курулган асма жолдордун же лыжа трассаларынын узундугу менен гана эмес, мамлекеттик каражаттын канчалык натыйжалуу пайдаланылганы, жергиликтүү калк үчүн түзүлгөн жумуш орундары, өлкөдө калган киреше жана жаратылыш ресурстарынын сакталышы менен да өлчөнөрүн Нарбеков кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0