00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
14 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан келерки жылы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын негизинде бал өндүрүү кластерин ишке киргизет. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев билдирди. Ал долбоорду Евразия экономикалык комиссиясы колдогонун белгиледи. Ибраевдин айтымында, кыргыз балы көргөзмөлөрдө жакшы пикир жаратып, байгелүү орундарды ээлеп келет. Бирок өндүрүүчүлөр ири келишимдер үчүн бирдей сапаттагы 100 тонна жана андан көп балды чогулта албай жатышат. Долбоордун алкагында бал бирдиктүү стандартка келтирилип, антибиотиктерден тазаланат. Ал эми аарылар кант жана сироп менен эмес, балдын негизиндеги тоют менен азыктандырылат. Учурда Кыргызстан болжол менен жылына 4–6 миң тонна бал өндүрөт. Кластер экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет. Ибраев белгилегендей, аарычылыкты өнүктүрүү өсүмдүктөрдүн чаңдашуусун жакшыртып, түшүмдүүлүктү 20–30 пайызга жогорулатат.
Россиялык инвесторлор Кыргызстандагы туристтердин көптүгүнө жана өлкөнүн өнүгүү темпине суктанышкан. Бул тууралуу биздин маалымат борборунда ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү, Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев айтып берди. Ал жакында россиялык инвесторлор, Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун вице-президенти жана РФ президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен жолуккан. Ибраев Кыргызстанда чет элдик компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, бирок инвесторлор кээде алдамчы же пара талап кылган ортомчуларга туш болорун белгиледи. Анын айтымында, өлкө жетекчилигине жана өкмөткө карата даттануулар жок. Көйгөйлөр мамлекеттик орто деңгээлдеги жана жергиликтүү бийлик органдарында жаралууда. "Биз өзүбүз, ишкерлер жана жарандар, буга олуттуураак мамиле кылышыбыз керек. Анткени бул өлкөбүздүн аброю", — деп белгиледи Ибраев.
ӨКМ дыйкандарга шашылыш эскертти 15-17-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -2 градуска чейин сууктап, үшүк жүрөт. ӨКМ мындан улам элге эскертүү кылды. "Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп айтылат анда.
Даниялыктар Украинаны каржылоодон чарчады, алардын жашоо деңгээли төмөндөп жатат. Бул тууралуу даниялык парламенттин көз карандысыз депутаты Якоб Харрис билдиргенин РИА Новости жазды. "Дания калкы үч жыл мурун сатып ала алган нерселерин азыр ала алышпайт. Алар Зеленскийдин биздин өлкөдөн миллиарддарды алып кетип жатканын көрүп турушат. Менимче, каражат бөлөрдүн алдында даниялыктардын өзүнөн сурашыбыз керек", — деди Харрис. Шейшемби күнү депутат Харрис менен анын кесиптеши Мортен Мессершмидт Зеленскийдин Дания парламентинин трибунасынан сөз сүйлөшүнө каршы чыгышкан. Парламентте Харрис Зеленскийдин келгенине нааразылыгын билдирип, аны тосуп алуу үчүн ордунан турган эмес. Россия буга чейин Батыштын Украинаны каржылоосу жаңжалды узартып, аны дипломатикалык жол менен жөнгө салууга тоскоол болорун бир нече жолу билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0