https://sputnik.kg/20261113/1104874484.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 22-декабрында аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары... 13.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-13T08:59+0600
2026-11-13T08:59+0600
2026-11-13T12:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104874317_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b01c961a57319fff2ad0ce3c997ebd53.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 22-декабрында аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, президенттикке талапкерлердин шайлоочулардын колун чогултуу жараяны 7-декабрга чейин уланат. Ал эми мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бергендигин тастыктаган калган документтер БШКга 13-ноябрга чейин тапшырылышы керек. Жупуеванын маалыматына ылайык, документтер тапшырылгандан кийин БШКнын жумушчу тобу 10 күндүн ичинде аларды карап чыгып, талапкерлердин мыйзам талаптарына шайкештигин текшерет. Ошондой эле президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.
Кыргызстандагы мектептердин кыргыз тили жана география мугалимдерине «Алтын казык» брендиндеги 6 миң ата мекендик ноутбук берилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, бул этапта өлкөдөгү география мугалимдери толугу менен ноутбук менен камсыздалат. Буга чейин 47 миңден ашык мугалим ноутбук алган. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, жаңы техникалар мугалимдерге 7–9-класстар үчүн жаңыланган окуу-методикалык материалдарды жана санариптик ресурстарды натыйжалуу колдонууга жардам берет. Белгилей кетсек, "Алтын казык" брендиндеги ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технопарк" мекемесинде чогултулган.
2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү 274,1 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматына таянып билдирилди. Анын ичинен 250,8 млн доллар КМШ өлкөлөрүнөн, 23,3 млн доллар алыскы чет мамлекеттерден которулган. Ошол эле учурда Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын жалпы көлөмү 9,4 млн долларды түздү. Анын 3,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 6 млн доллары башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн.
Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 22-декабрында аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, президенттикке талапкерлердин шайлоочулардын колун чогултуу жараяны 7-декабрга чейин уланат. Ал эми мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бергендигин тастыктаган калган документтер БШКга 13-ноябрга чейин тапшырылышы керек. Жупуеванын маалыматына ылайык, документтер тапшырылгандан кийин БШКнын жумушчу тобу 10 күндүн ичинде аларды карап чыгып, талапкерлердин мыйзам талаптарына шайкештигин текшерет. Ошондой эле президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.Кыргызстандагы мектептердин кыргыз тили жана география мугалимдерине «Алтын казык» брендиндеги 6 миң ата мекендик ноутбук берилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, бул этапта өлкөдөгү география мугалимдери толугу менен ноутбук менен камсыздалат. Буга чейин 47 миңден ашык мугалим ноутбук алган. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, жаңы техникалар мугалимдерге 7–9-класстар үчүн жаңыланган окуу-методикалык материалдарды жана санариптик ресурстарды натыйжалуу колдонууга жардам берет. Белгилей кетсек, "Алтын казык" брендиндеги ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технопарк" мекемесинде чогултулган. 2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү 274,1 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматына таянып билдирилди. Анын ичинен 250,8 млн доллар КМШ өлкөлөрүнөн, 23,3 млн доллар алыскы чет мамлекеттерден которулган. Ошол эле учурда Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын жалпы көлөмү 9,4 млн долларды түздү. Анын 3,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 6 млн доллары башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104874317_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6f45cc99986aec49c12a370087f253fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио