https://sputnik.kg/20261114/1104888857.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана илимий уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамга кол койду... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T08:59+0600
2026-11-14T08:59+0600
2026-11-14T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104888691_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1368981fa5e7ee803d3d18b7450b1785.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана илимий уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам 2026-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документ илим тармагындагы укуктук кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюуну, илимий уюмдардын башкаруу системасын жакшыртууну, финансылык автономиясын кеңейтүүнү жана илимий ишмердүүлүктү реформалоону көздөйт. Жаңы мыйзамга ылайык, "Илим жөнүндө" мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Атап айтканда, илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо механизми киргизилип, аны өткөрүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле илимий уюмдарга келишимдик негизде көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын жана жумуштардын тарифтерин өз алдынча белгилөө укугу берилет. Мындан тышкары, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына атайын каражаттарынын кеминде 3 пайызын илимди өнүктүрүүгө жумшоо милдети жүктөлөт.
Kulikov компаниясы өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрүү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Компания Кыргызстан анын негизги өндүрүш жана өнүгүү борбору бойдон каларын, тескерисинче, өлкөдөгү кубаттуулуктарын кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди. Буга чейин айрым ЖМКларда компания майрамдык тортторду жана башка азыктарды чыгарган өндүрүшүн Бишкектен Алматыга көчүрөрү тууралуу маалымат тараган. Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Сыдыгалиеванын айтымында, Алматыда жаңы өндүрүш аянтчасы ачылат. Анда кондитердик азыктарды, майрамдык тортторду жана даяр тамактарды чыгаруу пландалууда. Бирок бул Кыргызстандагы өндүрүштү көчүрүү эмес, кошумча кубаттуулуктарды түзүү болуп саналат.
Кыргызстанда жыл башынан бери жарандарга 500 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Төлөмдөрдү 2 миңден ашык адам алган. Бул тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу ал "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында өткөн маекте маалымдаган. Калдарбеков белгилегендей, акыркы жылдары калк арасында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана артыкчылыктарын түшүнгөн жарандардын саны өсүүдө. "Жыл өткөн сайын адамдар камсыздандыруунун жакшы экенин түшүнүп жатышат. Биз дагы калктын камсыздандыруунун артыкчылыктарын билишин каалайбыз", — деди ал. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жыл башынан берки төлөмдөрдүн жалпы көлөмү жарым миллиард сомдон ашты.
Евробиримдиктин өлкөлөрү Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ким өкүл болуп барат деген талаштан улам үч лагерге бөлүндү. Бул тууралуу Батыш ЖМКларына шилтеме берип РИА Новости жазды. Басылманын маалыматы боюнча, мамлекеттердин бир бөлүгү Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштанын талапкерлигин колдошот. Франция жана Германия баш болгон экинчи топ жетектөөчү ролду Брюсселге берүүнү каалабайт. Ал эми үчүнчү, эң аз сандагы лагерь европалык дипломатиянын башчысы Кая Калласты жакташат. Бирок айрым серепчилер анын Россияга карата терс позициясы сүйлөшүү процессин татаалдаштырат деп эсептешет. Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жеред Кушнер Россия, АКШ жана Украинанын Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин Москвага келишкен. Алар РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, андан соң Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Дублинге жөнөп кетишкен. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Европа өлкөлөрү сүйлөшүүгө умтулуп жатканын, бирок алгач тынчтыкты же согушту тандаарын тактап алышы керектигин айтты.
Президент Садыр Жапаров илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана илимий уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам 2026-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документ илим тармагындагы укуктук кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюуну, илимий уюмдардын башкаруу системасын жакшыртууну, финансылык автономиясын кеңейтүүнү жана илимий ишмердүүлүктү реформалоону көздөйт. Жаңы мыйзамга ылайык, "Илим жөнүндө" мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Атап айтканда, илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо механизми киргизилип, аны өткөрүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле илимий уюмдарга келишимдик негизде көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын жана жумуштардын тарифтерин өз алдынча белгилөө укугу берилет. Мындан тышкары, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына атайын каражаттарынын кеминде 3 пайызын илимди өнүктүрүүгө жумшоо милдети жүктөлөт. Kulikov компаниясы өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрүү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Компания Кыргызстан анын негизги өндүрүш жана өнүгүү борбору бойдон каларын, тескерисинче, өлкөдөгү кубаттуулуктарын кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди. Буга чейин айрым ЖМКларда компания майрамдык тортторду жана башка азыктарды чыгарган өндүрүшүн Бишкектен Алматыга көчүрөрү тууралуу маалымат тараган. Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Сыдыгалиеванын айтымында, Алматыда жаңы өндүрүш аянтчасы ачылат. Анда кондитердик азыктарды, майрамдык тортторду жана даяр тамактарды чыгаруу пландалууда. Бирок бул Кыргызстандагы өндүрүштү көчүрүү эмес, кошумча кубаттуулуктарды түзүү болуп саналат. Кыргызстанда жыл башынан бери жарандарга 500 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Төлөмдөрдү 2 миңден ашык адам алган. Бул тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу ал "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында өткөн маекте маалымдаган. Калдарбеков белгилегендей, акыркы жылдары калк арасында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана артыкчылыктарын түшүнгөн жарандардын саны өсүүдө. "Жыл өткөн сайын адамдар камсыздандыруунун жакшы экенин түшүнүп жатышат. Биз дагы калктын камсыздандыруунун артыкчылыктарын билишин каалайбыз", — деди ал. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жыл башынан берки төлөмдөрдүн жалпы көлөмү жарым миллиард сомдон ашты.Евробиримдиктин өлкөлөрү Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ким өкүл болуп барат деген талаштан улам үч лагерге бөлүндү. Бул тууралуу Батыш ЖМКларына шилтеме берип РИА Новости жазды. Басылманын маалыматы боюнча, мамлекеттердин бир бөлүгү Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштанын талапкерлигин колдошот. Франция жана Германия баш болгон экинчи топ жетектөөчү ролду Брюсселге берүүнү каалабайт. Ал эми үчүнчү, эң аз сандагы лагерь европалык дипломатиянын башчысы Кая Калласты жакташат. Бирок айрым серепчилер анын Россияга карата терс позициясы сүйлөшүү процессин татаалдаштырат деп эсептешет. Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жеред Кушнер Россия, АКШ жана Украинанын Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин Москвага келишкен. Алар РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, андан соң Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Дублинге жөнөп кетишкен. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Европа өлкөлөрү сүйлөшүүгө умтулуп жатканын, бирок алгач тынчтыкты же согушту тандаарын тактап алышы керектигин айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104888691_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_587123a9de2df354228aafffc6a33eb1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио