https://sputnik.kg/20261114/1104896900.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов 21-декабрга чейин камакка алынды. Бул туурасында Ленин райондук сотунун токтомунда айтылат.Сот тергөө... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T15:00+0600
2026-11-14T15:00+0600
2026-11-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104896734_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_54d578ce21386565b3303a19b792553c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов 21-декабрга чейин камакка алынды. Бул туурасында Ленин райондук сотунун токтомунда айтылат.Сот тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, депутаттын бөгөт чарасын үй камагынан өзгөрткөн.Жакыпов алдамчылык боюнча айыпталып, октябрда кармалган. Анда сот аны 20-декабрга чейин үй камагына чыгарган. Мындай чечимге жабырлануучунун каршы арызы да негиз болгон. Депутатка анда кечинде уруксатыз үйүнөн чыгууга жана шаардан кетүүгө тыюу салынган. Азырынча иштин башка жагдайлары ачык боло элек.
Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталатСадыр Жапаров балдардын укугу жана милдеттери тууралуу талкууда мектеп окуучулары картошка отургузуу сыяктуу иштерге жардам берсе болорун айтты. Ал кичирээк кезинде өзү да картошка отургузуп, чөп чаап, мал караганын эске салды.Президент балдардын укугу биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, тарбияны толугу менен мектепке жана мамлекетке жүктөп коюу туура эмес экенин айтты. Анын айтымында, бала алгач тарбияны үй-бүлөдөн, андан кийин мектептен жана коомдон алат.
Кыргызстан 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу учурунда уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода тоскоолдуктарын жоюу маселесин күн тартибине чыгарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, төрагалык кылган өлкө биримдиктин күн тартибин түзүүгө жана жыйындарды алып барууга катышат. Бул Кыргызстанга ишкерлер үчүн маанилүү болгон маселелерди ыкчам көтөрүүгө шарт түзөт.Ибраев белгилегендей, учурда ЕАЭБ өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн 20–30 пайызын гана пайдаланып жатат. Кыргызстандын товарлары башка мүчө өлкөлөрдүн базарларына чыгарда кошумча текшерүүлөргө туш болуп, биримдиктин бирдиктүү реестриндеги сертификаттарга да ишенбөөчүлүк жаралууда.Ал Кыргызстан төрагалык кылган жылы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер күчөп, майнап жакшы болоруна ишеним артты.
Казакстандын Алматы шаарындагы "Туран" университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор жана анын бюсту ачылды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, долбоор Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкуловдун демилгеси жана университеттин ректору Рахман Алшан уулунун колдоосу менен ишке ашты. Аны жүзөгө ашырууга Алматыдагы мекендештер да салым кошушту. Ачылыш аземинде бюсттун автору, скульптор Надырбек Жээренчиевге Маданият министрлигинин сыйлыгы тапшырылды. Жаңы борбор кыргыз адабияты менен маданиятын Казакстанда жайылтууга, ошондой эле кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.
Украина Россиянын чабуулдарынан улам электр энергиясын өндүрүүчү мурдагы кубаттуулуктарынын жарымынан көбүнөн ажырады. Бул тууралуу Пентагон, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана USAID Конгресске даярдаган баяндамада айтыларын РИА Новости билдирди.Материалда электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системалары олуттуу жабыркаганы айтылат. Баяндама 2026-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.Текшерүүчүлөрдүн маалыматына караганда, үчүнчү кварталда АКШнын Мамдепартаменти Украинада жалпы наркы 1,1 миллиард долларга жакын 13 энергетикалык программаны көзөмөлдөгөн. Алардын эң ириси 897,3 миллион долларлык SPARC, максаты — Украинанын энергетикалык системасын чыңдоо жана жабдууларды сатып алуу. Отчеттук мезгилде жалпы наркы 10 миллион доллар болгон дагы эки программа жыйынтыкталган.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов 21-декабрга чейин камакка алынды. Бул туурасында Ленин райондук сотунун токтомунда айтылат.Сот тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, депутаттын бөгөт чарасын үй камагынан өзгөрткөн.Жакыпов алдамчылык боюнча айыпталып, октябрда кармалган. Анда сот аны 20-декабрга чейин үй камагына чыгарган. Мындай чечимге жабырлануучунун каршы арызы да негиз болгон. Депутатка анда кечинде уруксатыз үйүнөн чыгууга жана шаардан кетүүгө тыюу салынган. Азырынча иштин башка жагдайлары ачык боло элек. Баланын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөдөн башталатСадыр Жапаров балдардын укугу жана милдеттери тууралуу талкууда мектеп окуучулары картошка отургузуу сыяктуу иштерге жардам берсе болорун айтты. Ал кичирээк кезинде өзү да картошка отургузуп, чөп чаап, мал караганын эске салды.Президент балдардын укугу биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, тарбияны толугу менен мектепке жана мамлекетке жүктөп коюу туура эмес экенин айтты. Анын айтымында, бала алгач тарбияны үй-бүлөдөн, андан кийин мектептен жана коомдон алат.Кыргызстан 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу учурунда уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода тоскоолдуктарын жоюу маселесин күн тартибине чыгарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, төрагалык кылган өлкө биримдиктин күн тартибин түзүүгө жана жыйындарды алып барууга катышат. Бул Кыргызстанга ишкерлер үчүн маанилүү болгон маселелерди ыкчам көтөрүүгө шарт түзөт.Ибраев белгилегендей, учурда ЕАЭБ өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн 20–30 пайызын гана пайдаланып жатат. Кыргызстандын товарлары башка мүчө өлкөлөрдүн базарларына чыгарда кошумча текшерүүлөргө туш болуп, биримдиктин бирдиктүү реестриндеги сертификаттарга да ишенбөөчүлүк жаралууда.Ал Кыргызстан төрагалык кылган жылы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер күчөп, майнап жакшы болоруна ишеним артты.Казакстандын Алматы шаарындагы "Туран" университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор жана анын бюсту ачылды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, долбоор Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкуловдун демилгеси жана университеттин ректору Рахман Алшан уулунун колдоосу менен ишке ашты. Аны жүзөгө ашырууга Алматыдагы мекендештер да салым кошушту. Ачылыш аземинде бюсттун автору, скульптор Надырбек Жээренчиевге Маданият министрлигинин сыйлыгы тапшырылды. Жаңы борбор кыргыз адабияты менен маданиятын Казакстанда жайылтууга, ошондой эле кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.Украина Россиянын чабуулдарынан улам электр энергиясын өндүрүүчү мурдагы кубаттуулуктарынын жарымынан көбүнөн ажырады. Бул тууралуу Пентагон, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана USAID Конгресске даярдаган баяндамада айтыларын РИА Новости билдирди.Материалда электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системалары олуттуу жабыркаганы айтылат. Баяндама 2026-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.Текшерүүчүлөрдүн маалыматына караганда, үчүнчү кварталда АКШнын Мамдепартаменти Украинада жалпы наркы 1,1 миллиард долларга жакын 13 энергетикалык программаны көзөмөлдөгөн. Алардын эң ириси 897,3 миллион долларлык SPARC, максаты — Украинанын энергетикалык системасын чыңдоо жана жабдууларды сатып алуу. Отчеттук мезгилде жалпы наркы 10 миллион доллар болгон дагы эки программа жыйынтыкталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104896734_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_daed3458ac16793060ed8bc09028e1ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио