БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Оштун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жол кырсыгынан алты адам, анын ичинде үч айлык ымыркай каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-сентябрда эртең мененки саат 10.00дө Өзгөн — Кара-Кулжа унаа жолунун болжол менен 17-чакырымында "Мерседес-Бенц" жана "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен ошол эле жерден эки унаадагы 11 кишинин үчөө унаага кыпчылып каза болгон.
Кырсыктан жабыркаган сегиз киши тез жардам менен Өзгөн райондук ооруканага жеткирилген. Ал жерден үч жүргүнчү, анын ичинде үч айлык ымыркай алган жаракаттарынан улам каза болушкан.