Чүй проспектиси оңдоп-түзөө иштеринен улам убактылуу жабылат

Жазылуу
Жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, жол жээгине бордюрлар орнотулат. Арыктар казылып, жөө жүргүнчү өтө турган жол салынат.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Оңдоп-түзөө иштеринен улам Чүй проспектисинин бөлүгү жол кыймылы үчүн жабыла турганын мэрия билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Көчөнү "Мостдорстрой" ишканасы жүргүзөт. 

Жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, жол жээгине бордюрлар орнотулат. Арыктар казылып, жөө жүргүнчү өтө турган жол салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0