БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнүн имаратына бомба коюлду деген маалымат кечки саат 6:46да келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан Sputnik маалымат агенттигине билдиришти.
ИИМдин өкүлүнүн айтымында, учурда орган кызматкерлери саперлердин келишин күтүп жатышат. Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагы учурда курчоого алынганын ал кошумчалады.