Атамбаев эпикалык маданий фестивалды өткөрүүгө миллион сом бөлдү

Жазылуу
Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Дүйнө элдеринин эпостору" III эл аралык эпикалык маданий фестивалын өткөрүүгө 1 миллион сом бөлдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган эл аралык ири иш-чараны өткөрүүгө колдоо иретинде каражат Маданият, маалымат жана туризм министрлигине президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0